Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт
Эртең, 25-сентябрда борбор калаанын бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт. Мэрия мындай чектөө Чортеков жана Күйүкова көчөлөрүндөгү суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу кабыл алынганын билдирди.
Эртең саат 10:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү даректерде таза суу берилбейт:
Чатыркөл - Шералиев көчөсү- Күйүкова көчөсү- Чортеков көчөсү- Ахунбаев көчөсү - Муромская көчөсү, Жазира көчөсү- Көпүрө-Базар көчөсү, Ахунбаев көчөсү - Репин көчөсү.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.