"Аны телескоп менен да көрүүгө мүмкүн эмес". Жерде экинчи кичинекей "Ай" пайда болот
Астрономдор жакында Арджунанын алкагынан чыккан кичинекей астероид пайда болот деп болжолдошууда. Натыйжада 29-сентябрдан 25-ноябрга чейин Жердин эки спутниги болот.
Мындай көрүнүш эки ай гана болот. Андан кийин асман өзүнүн баштапкы калыбына кайтып келет.
Аны асманда көз менен гана эмес, жадакалса телескоп менен да көрүүгө мүмкүн эмес экендиги айтылууда. Анткени анын көлөмү өтө эле кичинекей.
Эске салсак, буга чейин дээрлик төртүнчү даражадагы магниттик бороон (5 даражанын ичинен) Жерде Күн чыгарган плазмалык булут өткөндөн кийин башталганы маалым болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.