super.kg logo
  Спорт  

УЕФА эки айдан кийин Германия-Испания беттешинде пенальти болмок экенин жарыялады

 

УЕФА уюмунун калыстар комитети Евро-2024 турниринин чейрек финалындагы Германия менен Испаниянын беттешинде калыстын пенальти бербөө чечимин жаңылыш деп тапты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Беттештин кошумча убактысында айып аянтчадагы топ испаниялык коргоочу Марк Кукурельянын колуна тийип, бирок калыс Энтони Тейлор пенальти берген эмес. Жыйынтыгында испаниялыктар 119-мүнөттө гол киргизип, жарым финалга чыгып кеткен.

"Бул учурда коргоочу дарбазага таамай узатылган соккуну денесине өтө жакын абалдагы колу менен токтоткон. Ошондуктан пенальти берилиши керек болчу", - деп билдирген УЕФА уюму.

Испания курама командасы финалда англиялыктарды 2:1 эсебинде утуп, Европа чемпиондугун жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: