super.kg logo

Приморьеде аюу 2 кишини өлтүрүп, андан кийин 30 итти чайнап салган. Жырткыч кармала элек

 

Приморьеде аюу 2 кишини өлтүрүп, андан кийин иттер баш калкалоочу жайга кирип, ал жерде 30 итти чайнап салган. Бул тууралуу Baza Telegram каналы билдирди.

Благовещенка айылына жапайы жаныбар келгени тууралуу алгачкы маалымат сентябрдын ортосунда пайда болгон. Анда аюу итти өлтүргөн, бирок жергиликтүү тургундар эч жакка кайрылган эмес. Кечээ, 23-сентябрда аюу айылга кирип келип, атасы менен балага кол салган. Бирок аларды сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Бүгүн, 24-сентябрда аюу Благовещенкадан 5 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Лучегорск шаарындагы иттердин баш калкалоочу жайына кол салган. Окуя тууралуу иттерге тамак бергени келген жаныбарлардын укугун коргоочулар кабарлашты. Алардын айтымында, аюу 30га жакын байланган итти өлтүргөн.

Учурда Лучегорскиде өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Жапайы жаныбарды турак жайларга киргизбөө үчүн Орусиянын Улуттук гвардиясы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тегерек-четин күзөтүүдө.

Аны атууга уруксат берилген. Жергиликтүү тургундардын айтымында, аюуну Лучегорск мектебинин аймагынан жарадар абалда көрүшкөн. Бирок ал аюу дагы деле кармала элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: