super.kg logo

Казакстанда фельдшер бейтапты карабай койгондугу үчүн эркиндигинен ажыратылды

 

Казакстандын Косшы шаарында фельдшер 1 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Косшы шаарынын соту "Тез жардам" кызматынын фельдшерине козголгон кылмыш ишин карады. Жаш жигит бейтапка жүйөлүү себепсиз медициналык жардам көрсөтпөй, шалаакылыктан бейтаптын ден соолугуна оор залал келтиргендиги үчүн күнөөлүү деп табылган.

Белгилей кетсек, фельдшер чакырууга келгенде аялды ооруканага жаткыруудан баш тарткан. Ошол себептен ал аял ооруканага өзү барууга мажбур болгон.

Ал жерде ага "жүрөктүн ишемиялык оорусу, миокарддын инфаркты, стентинг, кардиогендик шок, клиникалык өлүмдөн кийинки абал" деген диагноз коюлган.

Ага өкүм кесиптештеринин катышуусунда чыкты. Сот кайдыгерликтин айынан бейтаптын ден соолугуна оор залал келтиргенин аныктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: