super.kg logo
  Саясат  

Жапаров жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери боюнча маалымат берди.

17-ноябрда өтө турган шайлоодо 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттар шайланат. Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү менен өлкө боюнча 56 аймактык жана 2 438 участкалык шайлоо комиссиялары алектенет. 5-сентябрга карата шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 121 миң 44 адамды түзөт.

Акылбек Жапаров шайлоо участкаларынын иштеши үчүн тийиштүү шарттарды түзүү, интернет, байланыш жана үзгүлтүксүз камсыз кылууну эске алуу менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар, анын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына уюштуруу маселелерин чечүүдө ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: