super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, дебат башталар алдында мамлекет башчысы жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин саламдашуу салтанаты болуп өттү.

Андан соң БУУнун башкы катчысы дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышкан дебаттардын ачылышында баяндамасын жасады.

Президент Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Анын сүйлөгөн сөзү 24-сентябрдан 25-сентябрга караган түнү болжол менен Бишкек убактысы боюнча саат 02:00-03:00 чамасында күтүлүүдө. Түз алып берүүнү УТРК каналынан жана социалдык тармактардагы баракчаларынан көрсө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: