super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт мындан ары турак жай кооперативдеринин ишин көзөмөлдөйт

 

Министрлер кабинети "Турак жай - курулуш кооперативдеринин ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" жобо бекитти. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Кабыл алынган токтомго ылайык, кооперативдердин ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Юстиция министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Улуттук банк аныкталды.

"Токтом турак жай кооперативдерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну камсыз кылуу үчүн принципиалдуу жаңы мамилелерди колдонуу зарылчылыгын чечүү максатында иштелип чыкты.

Буга чейин турак жай кооперативдерине салынган салымдардын натыйжасында топтолгон акча каражаттарын жоготкон жарандардын саны өсүп, укук коргоо органдарына бул боюнча кайрылуулар көбөйүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: