Орус аскерлери Харьковду абадан бомбалашты: үч адам каза таап, дагы 31 киши жарадар болду
Орус аскерлери Харьковду абадан бомбалап, 3 киши каза болуп, 31 киши жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Бүгүн, 24-сентябрда шаардын мэри Игорь Терехов Киев жана Салтовский райондорундагы көп кабаттуу үйлөр бутага алынганын билдирди. Анын айтымында, көп кабаттуу имарат жабыркап, бир нече кабаттары талкаланган.
Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов кол салуудан 3 адам каза таап, дагы 31и жарадар болгонун тактады. Ал ошондой эле урандылардын астында адамдар калганын, куткаруу иштери уланып жатканын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.