super.kg logo
  Саясат  

 Садыр Жапаров Нью-Йоркто Монголиянын президенти менен жолугушту

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, тараптар соода-экономикалык, энергетикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда кызматташууга тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Жапаров эки тараптуу байланыштарды мындан ары тереңдетүүнүн, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде монгол президенти бардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирип, илим, билим берүү жана экология чөйрөсүндө өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айта кетти.

Лидерлер өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө жана эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган негизги долбоорлорду биргелешип алга жылдырууга ишенимин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: