super.kg logo

Өзбекстанда аял киши өз кызын үйгө алмашууга аракет кылды

 

Коңшу Өзбекстандын Самарканд шаарында 41 жаштагы аял жашы жете элек кызын саткысы келип, андан түшкөн акчага үй алмакчы болгон. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, аялдын үйү жок болгон жана ага кызын үйгө алмашуу сунушу түшкөн. Аял 25 миң доллар турган үйдү тандап, анын ордуна кызын бермек болгон. Укук коргоо органдары аял 25 миң долларды ресторанда алып жаткан жеринен кармаган.

Сот иштин материалдарын изилдеп чыгып, өкүм чыгарган. Тагыраагы, кызын үйгө алмашмакчы болгон аял күнөөлүү деп табылып, 5 жыл 2 айга эркиндигинен ажыратылды. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөйт.

Анын балдары мамлекеттин камкордугуна алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: