super.kg logo

Бишкектин чок ортосундагы миллиондогон долларлык имарат мамлекетке кайтарылды (фото)

 

Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан тарых эстеликтерине тиешелүү объектиде мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталып, жыйынтыгында баасы 317 миллион 106 миң сом же 3 миллион 750 миң долларды түзгөн мүлк мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Тактап айтканда, Советтер Союзу кулагандан кийин, менчиктештирүүнүн жалпы толкунунда "Тунгуч" жаштар драма театры жайгашкан имарат, ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзам талаптарын бузуу менен "Т.П.Ц.Т." ЖЧКсынын менчигине берилгени аныкталган.

"Аталган мүлк тарыхый жана маданий эстелик болуп саналат, мамлекеттин коргоосунда турат жана коомдук оюн-зоок жана социалдык-маданий максаттар үчүн гана имарат катары пайдаланылышы мүмкүн. Ошондой эле бул имаратта көп жылдар бою түнкү клуб иштеп келген. Мүлктү мамлекеттин атынан мыйзамдуу ээсине кайтарып берүү максатында УКМК тарабынан менчик ээси менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында 23-сентябрда уюштуруучу жана ээси катары Ч.В. «Т.П.Ц.Т» ЖЧКсынын 100 пайыз акциясын өз ыктыяры менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берди", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда УКМК тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлктөрдү кайтарууга багытталган тиешелүү иштер уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: