super.kg logo

Бишимбаев камакта эмне үчүн иштебей жатат? Казак ЖАКы жооп берди

 

Казакстандын 24 жылга эркинен ажыратылган мурдагы министри Куандык Бишимбаев түрмөдө жумушка орношо элек. Бул тууралуу Жазык аткаруу комитети билдирди.

Кылмыш иликтөө башкармалыгынын маалыматы боюнча, Бишимбаев жазасын күчөтүлгөн тартиптеги мекемеде өтөп жатат.

"Бош орундардын жоктугуна байланыштуу соттолгон адамдын күнүмдүк иш тартиби Жазык аткаруу тутумунун мекемелеринин ички эрежелеринин жана колдонуудагы жаза аткаруу мыйзамдарынын талаптарына ылайык сакталууда", - деп айтылат комитеттин маалыматында.

Эске салсак, 13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген Куандык Бишимбаевдин резонанстуу иши боюнча соттук отурум аяктап, судья мурдагы министрди 24 жылга эркинен ажыраткан.

Бишимбаев Астанадагы СИЗОдон жазасын өтөп жаткан жерге которулган. Ал өндүрүштө жумушка орношсо түрмөдө канча айлык ала алары айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: