Пара берүү жолу менен соода павильонунун аянтын кеңейтүүнү көздөгөн шаар тургуну кармалды
ИИМдин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан “мамлекеттик кызматкерге пара берүү” боюнча шектелип Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, “Бишкек башкы архитектура” башкармалыгынын кызматкери “мага шаар тургуну айтканыма болбой пара берип жатат” деп милиция кызматкерлерине кайрылган.
Окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери барышканда, шаар тургуну пара берүү жолу менен соода павильонунун аянтын кеңейтүүнү көздөп жатканы аныкталган.
Учурда жогорудагы факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Sheva

30.12.2013. 12:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыраак акча сунуштап алып, кайра-кайра бараберген окшойтда)
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.