super.kg logo
  Саясат  

Парламентте "Элдик курултай жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү" боюнча мыйзам долбоору өтпөй калды

 

Бүгүн, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Элдик курултай жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү" тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапкан жок.

Жыйында Депутат Камила Талиева мыйзам долбоорун талкуулабай эле, добушка коюу сунушун берди. Натыйжада депутаттын сунушу колдоого алынып, документ добуш берүүгө коюлду. Добуш берүүдө 8 депутат "макул", 59 депутат "каршы" добуш берип, мыйзам долбоору өтпөй калды.

Эске салсак, кечээ, 24-сентябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин отурумунда аталган мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапкан болчу.

"Элдик курултай жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү" боюнча мыйзам долбоору быйыл март айында коомдук талкууга коюлган. Анда 700 делегат курултайды өткөрүү мезгилине гана шайланса, эми аларды бир жылдык мөөнөткө шайлоо сунушу жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: