super.kg logo
  Саясат  

Балбак Түлөбаев Кыргызстандагы таза суу маселеси боюнча Камчыбек Ташиевге кайрылды (видео)

 

Бүгүн, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Айыл чарба министрлиги начар иштеп жатканын билдирди.

Депутаттын айтымында, айылдарда таза суу жана сугат суу маселелери чечиле элек.

"Айылдарда мектеп, бала бакча, социалдык мекемелер боюнча суроо-талап басаңдап калды. Эми суроо-талаптын баары таза суу менен сугат суусуна өттү. Менин кечээки айтканыма жооп бериптирсиңер, бирок ал башка маселе. Мени "макоо" деп ойлоп жатасыңарбы? Мен кечээ күнкү жыйында ички каналдар боюнча айткам. Айыл чарба министри айткан канал башка.

Таза суу боюнча иштеген иштериңердин баарын колдоп берип жатабыз. Убагында айткансыңар каналдардын баарын оңдойбуз, укмуш кылабыз деп, өтө жай болуп жатат", - деген эл өкүлү.

Ошондой эле ал таза суу боюнча маселелерди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден бир карап берүүнү суранды.

"Камчыбек Кыдыршаевич, башка аргабыз калган жок, таза суу боюнча проектилерди карап чыгып бересизби, сураныч. Эч ким көзөмөлдөбөй жатат. Айыл чарба министрлиги өтө жай иштеп жатасыңар, көзөмөл начар. Бир каналды айтканыма үч жыл болду, мөөнөтүм дагы бүтүп калат го. Эмне кылыш керек?" - деди Түлөбаев.






Депутат Балбак Түлөбаев Айыл чарба министрлиги начар иштеп жатканын айтты 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: