super.kg logo

Өзбекстанда Олимпиада чемпионунун мамлекет берген унаасы издөөгө алынды

 

Коңшу өзбекстандык мушкер Асадхужа Муйдинхужаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына түн ичинде Ташкентте унаа айдап бара жаткан видеосун жарыялаган.

Анда Олимпиада чемпиону Парижден уткан алтынынын урматына мамлекет тарабынан берилген Chevrolet Tahoe унаасын саатына 110 чакырым ылдамдыкта айдаганын көрсөткөн. Шаар ичинде максималдуу уруксат берилген ылдамдык саатына 60 чакырым.

Кийинчерээк Олимпиада чемпиону видеону Instagram баракчасынан өчүрүп салган.

Ташкенттин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Кахрамон Худойберганов Daryo басылмасына унаа издөөгө алынганын билдирген.

Ал мыйзам баарына бирдей экенин, мыйзам бузган адам жооп берерин баса белгилеген.

"Чаралар көрүлөт, биз бул тууралуу расмий жарыялайбыз", - деген ал.

Асадхужа Муйдинхужаев Париж шаарында өткөн Олимпиада оюндарында 71 килограмм салмакта бокс боюнча алтын медаль уткан.






Өзбекстанда Олимпиада чемпионунун мамлекет берген унаасы издөөгө алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: