Бишкекте аялын оозго алгыс сөздөр менен сөккөн жигит кармалды
Бишкек шаарында мас абалында аялын оозго алгыс сөздөр менен сөккөн жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, кечээ, 24-сентябрь күнү болжол менен саат 16:20 чамасында милицияга кыз киши кайрылган. Анда ал Кронштадская көчөсүндөгү үйүнөн жолдошу мас абалында оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тынчтык бербей жатканын жана кошунасынын дарбазасынын кармагычын сындырып салганын билдирген.
Милиция кызматкерлери 1996-жылы туулган Г.А. аттуу жаранды аныктап, милиция бөлүмүнө алып келишкен. Ага карата протокол түзүлүп, ал камакка алынган.
Кармалган жаран бүгүн сотко жеткирилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.