super.kg logo

Баткенде базарда алтын саткандарды алдап кеткен шектүү аял Оштон кармалды

 

Кызыл-Кыя шаарындагы Таштемир ажы базарынын алтын сатуучуларын алдап кеткен шектүү аял Оштон кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Баткен ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга базарда алтын саткан 4 сатуучу Н. аттуу аял февраль, апрель айларында алтын буюмдарын баалашып алып, акчасын бербей качып жүргөнүн айтышып, арыз менен кайрылышкан.

Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Ош облусунун Кара-Суу районунун 39 жаштагы У.Н. аттуу тургуну экендиги аныкталып, ал сатуучуларга жалпы 286 миң 444 сом өлчөмүндө материалдык чыгым келтиргендиги такталган. Натыйжада ал Ош шаарында качып жүргөн жеринен кармалды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: