super.kg logo

Бишкекте муниципалдык автобустун 30 айдоочусу жумуштан алынат (видео

 

Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында жыйын болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Анда калаа башчы муниципалдык коомдук транспорттун айдоочуларына жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктары жана жол эрежесин бузуулар көбөйүп жаткандыгы тууралуу эскертүү жасады.

"Бишкекке президенттин колдоосу менен 1000 жаңы автобус сатылып алынды. Бирөөнү сүзүп кетсеңер, автобустун ичиндеги жүргүнчүнү майып кылып алсаңар эмне болот? Биздин азыркы саясат баарына бирдей – мыйзамды, эрежелерди сактоо", - деп кошумчалады Жунушалиев.

Ага ылайык, жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн, башкача айтканда, каршы тилкеге ​​чыгуу, тыюу салынган жол чырактан өтүү, автобустун ичинде жүргүнчүлөрдүн кулап кетиши жана башка одоно эреже бузуулар үчүн "Бишкек шаардык транспортунан" 30 айдоочу иштен алынат.

Калаа башчы тиешелүү кызматтарга айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактоосун күчөтүү милдетин тапшырды.






Бишкекте муниципалдык автобустун 30 айдоочусу жумуштан алынат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: