super.kg logo
  Саясат  

"10ду салып берейин". Депутат Таштанбеков мектептеги ажатканалар кымбат жасалганына нааразы болду (видео)

 

Бүгүн, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районундагы мектептерге салынган ажатканалардын кымбатка турганын айтты.

Ал бул иштерди аткарган Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине нааразычылыгын билдирди.

"Кээ бир ажатканаларга бооруң ооруйт да. Мына Кең-Булуң айыл өкмөтүндө бир кичинекей ажаткананы 3,5 миллион сомго жасаптырсыңар. Унитаздарды коюп коюптурсуңар, бирок ал борбордук сууга туташпагандан кийин мугалимдер сууну чака менен ташыйбы? Логвиненко айыл өкмөтүндөгү Баранов мектебиндеги ажаткананы 3,6 миллион сомго жасап жатасыңар. Бул бир мектепти жасай турчу акча да. Мага ошол материалдарды бергилечи, бир ажаткананын ордуна 10ду салып берейин", - деди ал.


кошулду





25.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: