super.kg logo
  Саясат  

Министр Сыргабаев Пекинде транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча форумга катышууда

 

Бүгүн, 25-сентябрда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Пекин шаарында өтүп жаткан Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумга катышууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга мамлекеттик жана жеке сектордун өкүлдөрү, эл аралык, аймактык уюмдардын жетекчилери, ири компаниялардын өкүлдөрү келген.

Форумдун жүрүшүндө аз көмүртек чыгаруучу, энергияны үнөмдөөчү жана экологиялык таза транспорт системаларын өнүктүрүү жолдорун изилдөө, транспорттук жана логистикалык кызматтарды өнүктүрүү, жеткирүү чынжырын түзүү маселелери талкууланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: