super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди

 

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 21-24-сентябрда Нью-Йоркко болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Мамлекет башчысы сапардын алкагында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышты. Тагыраагы, 22-сентябрда Келечек саммитине, 24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын ачылыш аземине катышып, Жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

Ошондой эле Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана Финляндиянын президенти Александер Стубб менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Президент Жапаров иш сапарын аяктап, 25-сентябрда Бишкек шаарына кайтып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: