super.kg logo
  Саясат  

Абсаттар Сыргабаев Пекинде өзбекстандык кесиптеши менен жолугушту

 

Бүгүн, 25-сентябрда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Пекин шаарында өтүп жаткан Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумдун алкагында орун алды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы транспорт тармагындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү тууралуу пикир алмашты.

Мындан тышкары «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип жылдырууда кызматташуунун маанилүүлүгүнө, «Анжиян–Ош–Эркечтам» унаа жолу менен жүк ташууну өнүктүрүү потенциалына, Кытайдан жүк ташуунун олуттуу өсүшүн эске алуу менен мультимодалдык ташууларды өнүктүрүүгө көңүл бурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: