super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандын жаштар курама командасы Мьянманын футболчуларын жеңип алды (видео)

 

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жаштар арасында 2025-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндары старт алып, Кыргызстан курамасы алгачкы беттешинде Мьянмага каршы кез келди.

Беттештин алгачкы бөлүгүнүн 17 мүнөтүндө эсеп санын Байбол Эрмеков ачты. Ал эми 37-мүнөттө Ырыскелди Маданов дагы бир гол киргизип командасын алдыга алып чыкты.

Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдында Кыргыз курамасы 2:0 эсебинде оюнду жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, ушул эле тайпада Жапония менен Түркмөнстан ойноп, жапондор да 2:0 эсебинде атаандашын жеңген. 27-сентябрда Кыргызстан Түркмөнстан менен ойнойт.

Кошумча маалымат: Тандап алуу оюндарына жалпы 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген алты курама жолдомо алышат. Биздин курама «I» тайпасында Мьянма, Түркмөнстан жана Жапония курамалары менен бирге жайгашкан.






Видео

Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: