super.kg logo
  Саясат  

Баткен, Нарын, Ош, Талас, Чүй облустарындагы айрым айылдардын аталыштары өзгөртүлөт (тизме)

 

Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында "Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Ага ылайык, төмөндөгү айылдардын аталыштарын өзгөртүү сунушталууда:

"Баткен облусу:

Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Говсувар айылын - Орто-Боз,

Лейлек районунун Раззаков шаарынын Чимген айылын - Чымкен,

Голбо айылын - Алтын-Бешик,

Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылын - Айбике,

Кыргызстандын 50 жылдыгы айылын - Миң-Жыгач,

Чапаев айылын - Арча-Бешик.

Нарын облусу:

Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылын - Чоко-Бий,

Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагын - Эсеналы Дайракунов айыл аймагы.

Ош облусу:

Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагын - Рыспай Абдыкадыров айыл аймагы,

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылын - Кенжебай.

Талас облусу:

Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Куру-Маймак айылын - Сатыкей,

Покровка айыл аймагын - Семетей айыл аймагы,

Покровка айылын - Семетей.

Чүй облусу:

Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Новомихайловка айылын - Бообек,

Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагын - Кожомкул айыл аймагы,

Военно-Антоновка айылын - Кожомкул,

Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын Горная Серафимовка айылын - Кебек-Бий айылы", - деп кайра атоо сунушталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: