super.kg logo

Израил "Хезболланын" командири өлтүрүлгөнүн билдирди

 

Израилдин Бейрутка жасаган аба соккусунан "Хезболланын" жогорку даражалуу командири Ибрагим Кубейси набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Израиль армиясы аны топтун ракеталык күчтөрүнүн командири экенин билдирди. Израилдин коргоо министри Йоав Галант ливандык топ олуттуу зыян тартканын билдирди.

Буга жооп иретинде "Хезболла" Израилдеги аскерий буталарды, анын ичинде өлкөнүн түндүгүндөгү Дадо базасын жана Атлит деңиз базасына ракеталык сокку урду.

Ливан бийлигинин маалыматына караганда, Израилдин соккулары башталгандан бери 569 адам набыт болду, алардын 50сү балдар. 27 миңдей адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Жаңжал күчөп баратканда АКШ президенти Жо Байден маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

"Толук масштабдуу согуш эч кимдин кызыкчылыгына туура келбейт, кырдаал курчуп кеткенине карабастан, дипломатиялык жол менен чечүү дагы деле мүмкүн", - деди АКШ президенти.

Эл аралык коомчулук кырдаалга тынчсыздануусун билдирип жатат. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк таасири бар бардык тараптарды Ливандагы кырдаалдын дагы да күчөшүнө жол бербөөгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: