super.kg logo

АКШ Израиль үчүн Иран менен согушууга даяр экенин билдирди

 

АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча жардамчысынын башкы орун басары Жон Файнер АКШ Иран менен согуштук аракеттер болгон учурда Израилди коргоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

"Биз Израилди апрель айында Ирандын кол салуусунан коргодук жана Иран Израилге кол салууга дагы аракет кылса, биз дагы ушундай кылууга даярбыз", - деген Файнер Axios порталы уюштурган иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө.

Файнер ошондой эле Ливандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, азыркы конфликттин толук масштабдуу согушка айланып кетиши мүмкүн экендигин белгиледи. Анын айтымында, "чоң масштабдагы согуш Израилдин кызыкчылыгына туура келбейт" жана Кошмо Штаттар кырдаалды, анын ичинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында деэскалациялоо үчүн иштеп жатат.

Бул билдирүү 17-18-сентябрда Ливанда болгон бир катар жардыруулардан кийин Израиль менен "Хезболланын" ортосундагы жаңжал күчөгөн маалда айтылды. Израилдин Ливанга кийинки соккуларынын натыйжасында жергиликтүү саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 570тен ашык адам набыт болуп, 1800дөн ашууну жарадар болгон.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Иран Израилге масштабдуу чабуул жасап, анын мизин кайтарууга АКШ жардам берген. Кийинчерээк Израиль Иранда жооп кайтаруу операциясын жүргүзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: