super.kg logo

Айбек Жунушалиев Бишкектеги оңдоо иштери жүрүп жаткан жолдорду текшерди 

 

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү жетекчилер менен биргеликте шаардагы оңдоо иштери жүрүп жаткан жолдорду текшерди. Бул тууралуу кечээ, 25-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Калаа башчысы Айни көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен Псков көчөсүнө чейинки тротуарынын, Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Бакаев көчөсүнө чейинки тротуарынын, ошондой эле Чайковский көчөсүнүн Лущихин көчөсүнөн Л. Толстой көчөсүнө чейинки жана Л. Толстой көчөсүнүн Т. Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки жолунун капиталдык оңдоо иштери менен таанышты.

Ошондой эле Республика көчөсү, Жибек Жолу проспектисинен ЧЧКга чейин, Кулиев көчөсүн Окраина көчөсүнөн Максат көчөсүнө чейин, Жумабек көчөсүн Манас проспектисинен Исанов көчөсүнө чейин капиталдык оңдоонун жүрүшү текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга төмөнкү тапшырмалар берилди:

- "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына көрсөтүлгөн участоктордон курулуш таштандыларын чыгарууну тез арада уюштуруу, мурда башталган бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүү;

- “Тазалык” муниципалдык ишканасына жол сызыктарын жууп, зарыл болгон учурда аларды жаңыртуу;

- "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасына Кырк-Кыз көчөсүн жарыктандыруу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: