Өзбекстанда мугалим орусча сүйлөгөн баланы сабап салган. Орусия түшүндүрмө талап кылды
Интернетте тараган видео боюнча Орусия Өзбекстандан түшүндүрмө сурады. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова ТАСС агенттигине билдирген.
Интернетте буга чейин Ташкенттеги мектептердин биринде мугалим менен окуучунун ортосундагы жаңжал тууралуу видео пайда болгон. Маалым болгондой, 6-класстын окуучусу орус тил мугалиминен сабакты орус тилинде түшүндүрүп берүүнү суранган.
Анын суранычына мугалим жаңжал менен жооп берген, тагыраагы, окуучуну сабаган. Бул окуя видео камерага тартылып калган.
Өз кезегинде Өзбекстандын расмий органдары бул окуяга комментарий берип, коркунучтуу эч нерсе болбогонун, бала олуттуу жаракат албаганын билдирген.
Орусия окуучу менен болгон окуя боюнча Өзбекстандан түшүндүрмө сурады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.