super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште Бишкектеги скутер маселеси кайрадан көтөрүлдү (видео)

 

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Алишер Козуев унааларга жана жөө жүргүнчүлөргө шаар ичинде жүргөн мотоцикл айдоочулары терс таасирин тийгизип жатканын айтты.

Ошондой эле депутат мопед айдагандарга айып пулдарды көбөйтүү керектигин сунуштады.

"Азыр бизде коопсуз шаар долбоору бар, ал долбоор мотоцикл айдагандарды айыпка тартабы? Менин сунушум, аларга айып пулдарды көбүрөөк кылыш керек. Ошондо алар дагы эрежени сакташат. Бүгүнкү күндө эч кандай эрежени сактабай жатат. Светофордо турганда унааларды аралап өтөт, бир топ унааларды чийип өткөндөр дагы бар. Акыркы күндөрү кырсыктар дагы көп болуп жатат. Ошондуктан буларды көзөмөлгө алсак жакшы болмок", - деди эл өкүлү.






Депутат мотоцикл айдагандарга айып пулду көбөйтүү керектигин сунуштады 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: