Жекшембиде борбордогу бир катар көчөлөр жабылат (тизме)
29-сентябрда Бишкекте бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону "Snow Leopard Run 2024" өтөт. Иш-чара "Ала-Тоо" аянтында 4500 адамдын катышуусунда болот. Бул тууралуу мэрия маалымдады.
Буга байланыштуу бул күнү саат 6:00дөн баштап төмөнкү көчөлөр жабылат:
- Чүй проспекти Манас проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
- Иманалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;
- Масалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;
- Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
Иш-чараны “Nomad Sport” коомдук бирикмеси уюштурууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.