super.kg logo
  Саясат  

"550 сомдон 700 сомго көтөрүлүптүр". Парламентте эттин наркы боюнча маселе айтылды

 

Парламенттин бүгүн, 26-сентябрдагы жыйынында депутат Эрнис Айдаралиев борбор калаада эттин баасы көтөрүлүп кеткенин айтып, анын себебине кызыкты.

"Бишкекте эттин баасы көйгөйлүү маселе болду. Ар бир жаранда эмнеге аз убакыттын ичинде ушунчалык көтөрүлүп кетти деген суроо жаралып жатат. Борбордо көп балалуу үй-бүлөлөр, көп балалуу жалгыз бой энелер бар. Эт жебей калдык деген маселе болууда. Чындыгында 550 сомдон 700 сомго аз убакытта көтөрүлүптүр. Буга бир көңүл буруп койсоңуз", - деген эл өкүлү президенттин, өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылды.

Ошондой эле ал Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 15-сентябрда эттин баасы турукташып жатканы боюнча маалымат бергенин кошумчалап, анын жыйынтыгына кызыкты.






26.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: