super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров реформа жасоодо ага эң оор эмне болгонун айтты

 

"Кабар" улуттук маалымат агенттиги өлкө башчы Садыр Жапаровдун кезектеги маегин жарыялады. Анда Жапаров бийликке жаңы келген жылдары ишке ашыра турчу реформаларына бут тоосулар болгонун айтты.

"2020-жылы жаңы мамлекет түптөгөн менен эле барабар болдук. Жаңы баш мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, бардык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди, бийлик түзүмү орноду. Мурда башаламан башкаруу болуп, анархия орноп, ким катуураак жана коозураак кыйкырса эле ошонун сөзү өтө берген мамлекетте жашап келгенибизди баарыңар эле билесиңер да. Мага эң оор болгону ушул өзгөрүүлөргө жана жаңыланууларга жардам бергендин ордуна ар кайсы топтордун, алысты көрө албаган ичи бузук кооз сүйлөгөн саясатчылардын, капталдан чыга калып жеке кызыкчылыктарын түрткүлөгөн саясий топтордун бут тоскону болду. 30 жылдан бери жеке кызыкчылыктары менен жашап келип көнүп алышыптыр да.

Бир жарым жыл дегенде араң реформаны бүттүк. Бир жарым жыл убактыбызды ушундай ички тоскоолдуктарга кетирип койдук. Ошондуктан жаңы мамлекет түптөгөндү бул жакка коёлу, бар мамлекеттин башкаруу системасын өзгөртүүгө ушунчалык тоскоолдуктар болду. Айрым саясатчылар мурдагы "улак тартмай" системаны калтырганга аябай жан үрөштү. Бирок көпчүлүк элдин колдоосу менен реформаны ишке ашырып кеттик", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: