super.kg logo

Депутат Марлен Маматалиев сыйлык берилбей калган негизги эки инсандын атын атады (видео)

 

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Марлен Маматалиев мамлекеттик сыйлык берилбей калган инсандарга токтолду.

Депутаттын айтымына караганда, Эгемендүүлүк күнүнө, кыргыз тилине салым кошкон инсандарга мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылбай калган.

"Биз мамлекеттик сыйлыктарды 31-августта жана жаңы жылда болуп, бир жылды эки жолу тапшырабыз. Албетте, ал сыйлыктардын баары электен өтүп анан берилет. Бирок айрым учурларда бир топ адамдарыбыз калып калат экен. Ошолордун айрымдарын атап кетейин. Биринчиси, депутат Бегиш Аматов. Ал Эгемендүүлүк күнүнүн кабыл алынып калганына түздөн-түз тиешеси бар. Ошол киши күн тартибине 5-маселе кылып киргизе калып, биз убагында Эгемендүүлүк күнүн алып калганбыз. Бирок анын салыма эч жерде айтылбай калды.

Экинчиси, сынчы, акын Камбаралы Бобулов. Анын кыргыз тилине кошкон салымы өтө чоң. Жакында бул кишинин 90 жылдык мааракеси өтөт экен, комиссия карап чыкса жакшы бир наамдарды ыйгарып койсок", - деди эл өкүлү.






Депутат Марлен Маматалиев сыйлык берилбей калган инсандарга токтолду 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: