super.kg logo
  Саясат  

Депутат парламентте онлайн кумарканалар боюнча маселе көтөрдү (видео)

 

Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-сентябрдагы жыйынында депутат Арсланбек Эгембердиев онлайн казинолордун ишин текшерүүнү сунуштады.

"Онлайн кумарканалар кыргыз жаштарынын түбүнө жете турган болду" деген эл өкүлү бул боюнча укук коргоо органдары кандай иш алып барып жатканы боюнча маалымат берүүнү өтүндү.

"Жакында эле бир жаш жигит жергиликтүү маалымат булактарынын биринде билдирүү жасады. "300 миң долларды уттуруп койдум" деп айтты. Ошол жерде ата-энеси "үйүбүздү сатууга аргасыз болуудабыз. Алты балам менен көчөдө калганы жатам" деп ыйлап айтты. Бул жерде менин күмөнүм бар – кылмыштуу топ болушу мүмкүн. Себеби аларга карызга акчаны ким берет? Күрөөсү жок акча беришпейт. Ал эми бул жаш жигиттерге күрөөсү жок акча беришет экен. Алар кумарканага уттурат", - деди эл өкүлү.






Депутат онлайн казино боюнча айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: