super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров: "Бир мык дагы чыгарбаган өлкөдөн унаа чыгарган өлкөгө айландык"

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Экономикалык ойдун өнүгүүсү: изилдөөлөр жана чечүү жолдору" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясында Кыргызстандын экономикасында жакшы көрсөткүчтөр болуп жатканын белгиледи.

"Макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча өлкөнүн ИДПсынын өсүү темпи 8,7 пайызды түздү, ал эми "Кумтөрдү" эсепке албаганда 10,6 пайызды түздү. 2023-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,2 триллион сомдон ашса, быйыл 1,5 триллион сомду түздү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоор. Өлкөнүн материалдык-техникалык базасы жаңыланды. Акыркы 3 жылдын ичинде биз 2 миң чакырым жол курдук, өлкөнүн өнөр жай тармагы жанданууда. Бир мык да чыгарбаган өлкөдөн биз унаа чыгарган өлкөгө айландык", - деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: