Ошто кылмыш чөйрөсүндө Этор каймана аты менен белгилүү жаран кармалды
Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү расмий документтерди жасалмалап, өз кызыкчылыгына пайдаланган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, ал быйыл март айында Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Шектүү делген Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган Б.уулу Б. аттуу тургуну экени аныкталган. Ош ОИИБи белгилегендей ал мурда соттолгон жана ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Кылмыш чөйрөсүнө Этор каймана аты менен таанымал.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.