super.kg logo

Жалал-Абадда пара талап кылган Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүм башчысы кармалды (видео)

 

Жалал-Абадда Базар-Коргон райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Ага ылайык, УКМКга Базар-Коргон районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда системалуу түрдө акча чогултуу боюнча Базар-Коргон районунун тургундарынан бир нече жолу даттануулар жана кайрылуулар келип түшкөн.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Пара алуу) негизинде кылмыш иши козголуп, 25-сентябрда Базар-Коргон райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун А.З. аттуу бөлүм башчысы кармалды.

Анда шектүү эмгекке жарамсыздык баракчасын бергендиги, майыптыгынын тобун аныктоодо медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын оң корутундусун тездеткендиги үчүн жарандардан системалуу түрдө опузалап акча каражаттарын алгандыгы аныкталган.

Ал эми шектүү А.З.нын мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун камерага жаздырылган.

Учурда кармалган жаранга карата анын жана башка кызмат адамдарынын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жогу аныкталууда.






26.09.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: