super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз мушкери менен мейманканада жаңжалдашкан казакстандык эми блогер менен мушташты (видео)

 

Коңшу казакстандык Ануарбек Бекембетов пресс-конференция учурунда блогер менен мушташа кетти. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Кечээ, 25-сентябрда Алматыда 28-сентябрда болуучу бокс боюнча турнирдин пресс-конференциясы өткөн. Анын алдында мушкерлер журналисттердин суроолоруна жооп беришкен. Ошол учурда ММА мушкери Ануарбек Бекембетов менен белгисиз жигиттин ортосунда пикир келишпестик жаралып, андан кийин экөө мушташа кетишкен.

Кийинчерээк мушташа кеткен жигит блогер экени белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, дал ушул Ануарбек Бекембетов менен кыргыз мушкери Марсель Нурланбеков 26-апрелде Алматыда өткөн "NAIZA 59" турниринде беттешмек. Бирок алардын мейманканадагы жаңжалынан кийин уюм эки мушкерди уюмдан түбөлүккө четтетүү чечимин чыгарган.






Казак мушкери эми блогер менен мушташты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: