super.kg logo

"Сосновка" постунан Бишкекке баңгизат ташып бараткандар кармалышты

 

Бишкек шаарына сатуу үчүн Токтогулдан гашиш баңгизатын алып келе жаткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрда "Сосновка" постунан өтүп бара жаткан Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында автокөлүктүн ичинен 475 грамм болгон гашиш баңгизаты табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө айдоочу М.И. жана анын Т. У., С. К. аттуу шериктери Токтогул районунда даярдалган баңгизатты Бишкек шаарына сатууну көздөп алып келе жатышканын айтышкан.

Кармалгандар Жайыл райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: