super.kg logo
  Саясат  

"Кыргызстан инвестиция үчүн ачык". Акылбек Жапаров JICAнын вице-президенти менен жолукту

 

Бүгүн, 26-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) вице-президенти Сачико Имото менен жолугушту. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров өкмөт өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү боюнча аракеттерди көрүп жатканын белгилеп, чийки зат экспортунун моделинен индустриалдык-инновациялык моделге өтүүгө басым жасап жатканын белгиледи. Анын айтымында, акыркы үч жылда экономиканын өсүшү орто эсеп менен 7%га жакын, ал эми мамлекеттик консолидацияланган бюджет эки эседен ашык өстү.

Ошондой эле ал Кыргызстан менен Япониянын долбоорлорду ишке ашыруудагы биргелешкен аракеттери экономиканын өсүшүнө гана эмес, жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга да салым кошоруна ишенимин билдирди.

«Биз өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө жетишүүгө жардам бере турган жаңы идеяларга жана чечимдерге ачыкпыз», - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: