super.kg logo

Ош мэриясы шаар тургундарына батирлерин көзөмөлсүз калтырбоону эскертти

 

Оштогу муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын абоненттери үчүн эки жолу жылуулук системасын текшерүү иштери жүрөт. Бул туурасында бүгүн, 26-сентябрда мэриядан билдиришти.

Маалымдалгандай, гидравликалык сыноонун биринчи этабы 28-29-сентябрь күнү орун алса, экинчи этабы 5-6-октябрь күндөрү болот.

“Жукарган түтүктөрдөн жана батирлердеги радиаторлордон суу чыгып кетүү авариялык жагдайды пайда кылышы мүмкүн. Алдын алуу максатында Кулатов, Төлөйкөн, Анар, Курманжан датка, Достук, Черемушки кичи райондорунун, Туран, Көкүмбий, Авиагородок, МЖК-2 конуштарынын, Алимбеков, Ленин көчөлөрүнүн жана Жийделик №70 үйүндө текшерүү иштери жүрөт”, - деп айтылат маалыматта.

Мэрия мындан улам шаар тургундарын батилерди көзөмөлсүз калтырбоону эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: