Бишкекте Honda Fit унаасынын айдоочусу 64 жаштагы кишини өлтүрө сүзүп, качып кетти (видео)
Бүгүн, 26-сентябрда таңга жуук Бишкекте Honda Fit унаасынын айдоочусу 64 жаштагы кишини өлтүрө сүзүп, качып кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, бүгүн саат 05:55 чамасында кызыл түстөгү Honda Fit унаасынын айдоочусу Байтик Баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен 64 жаштагы Т.Е. аттуу адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Жыйынтыгында аталган жаран "Тез жардам" кызматы менен ооруканага бара жатып каза болгон.
Издөө иштеринин жыйынтыгында жеңил унаа аныкталып, анын айдоочусу 1987-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалган.
Кармалган жаран Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.
Бишкекте Honda Fit унаасынын айдоочусу 64 жаштагы кишини өлтүрө сүзүп кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.