super.kg logo
  Спорт  

"Колдоо керек". Жаш кыргыз футболчулары эртең Бишкекте Түркмөнстан менен ойнойт

 

Футбол боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы Кыргыз курама командасы эртең, 27-сентябрда Бишкекте Түркмөнстанга каршы ойнойт.

Оюн Бишкектеги "Дөлөн Өмүрзаков" атындагы стадиондо саат 20:00дө старт алат. Ал эми футбол күйөрмандарын саат 18:00дөн баштап Freeman 996 атактуу ырчысынын катышуусундагы шоу-программа күтөт.

Эске салсак, Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдындагы Кыргыз жаштар курама командасы «I» тайпасында Мьянма, Түркмөнстан жана Япония командалары менен бирге жайгашкан. Турнирдин биринчи турунда курамабыз кечээ, 25-сентябрда Мьянманы 2:0 эсебинде жеңди.

Тандап алуу оюндарга жалпысынан 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алышат.

Стадионго келип, жаш оюнчуларыбызды башкы континенталдык турнирге жолдомого болгон күрөшүндө колдоңуз!

Билеттер www.kassir.kg сайтында жеткиликтүү!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: