super.kg logo

АКШ Украинага дагы 8 миллиард долларлык аскерий жардам берет

 

АКШнын президенти Жо Байден Украинага 8 миллиард доллардан ашык аскерий жардам берерин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, жаңы жардамдын негизги бөлүгү - 5,5 миллиард доллар дүйшөмбүгө чейин берилиши керек. Дагы 2,4 миллиард доллар Украинанын коопсуздугуна көмөктөшүү демилгеси аркылуу берилип жатат, ал администрацияга Украина үчүн курал-жаракты АКШнын кампасынан алуунун ордуна компаниялардан сатып алууга мүмкүндүк берет.

Жардам 130 чакырымга чейинки аралыкты бутага ала алган, "биргелешкен тирешүү куралы" деп аталган так башкарылуучу бомбанын жеткирилишин камтыйт. Буталарды жогорку тактык менен атууга жөндөмдүү бомба согуштук учактардан ташталат.

Байден ошондой эле Пентагонго украиналык F-16 учкучтарын окутууну көбөйтүүнү, анын ичинде келерки жылы дагы 18 учкучту окутууну колдоону буйруду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: