super.kg logo
  Спорт  

Футзал боюнча Дүйнө чемпиондугунда калыс убакыт 00:00 болгондо пенальти койду

 

Коңшу Өзбекстанда өтүп жаткан футзал боюнча Дүйнө чемпиондугундагы Иран-Марокко беттешинде калыс беттеш дээрлик аяктап, марокколуктар сүйүнүп баштаганда пенальтини каттады.

Кечээ, 26-сентябрь күнү өткөн оюн 4:3 эсебинде марокколуктардын жеңиши менен аяктады. Анда экинчи тайм аяктап, калыс ышкырыгын жаңыртканда марокколук футзалчылар бири-бирин куттуктап сүйүнүп баштаган. Бирок калыс видео кайталоону көргөндөн кийин эреже бузууну каттап, беттештин убактысы 00:00 болгондо Иранга пенальтини берди.

Бул учурда Ирандын башкы машыктыруучусу артты карап турса, марокколук футзалчылар алакандарын жайып, дуба кылып турушту. Жыйынтыгында пенальтини аткарган ирандык футзалчы топту дарбаза мамысына тээп, беттеш жыйынтыкталды.

Муну менен Марокко Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкса, Иран үйүнө кайтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: