super.kg logo

"Ал коркок". Биволдун мурдагы жубайы анын атаандашына жаракат алган жерлерин айтып берди 

 


Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволдун экс-жубайы Екатерина абсолюттук дүйнө чемпиону наамы үчүн беттештин алдында мурдагы күйөөсүнүн атаандашы Артур Бетербиевге алган жаракаттары тууралуу Инстаграм баракчасына жазды.

Анын мындай кадамга баруусуна алардын ажырашуу чыры болгон. Ошондой эле ал бул беттеште Артур Бетербиевди колдой турганын айткан.

"Биволдун жана анын сүйлөшкөн кызынын мага жасаган кылыктарынан кийин мен Артурга Биволдун алсыз жерлерин айтууну чечтим. Анын арткы омурткасы күч келүүдөн жаракат алган, манжалары бир нече жолу операция болгон, тизеси ооруйт, сол кулагы да көп жолу сынган, кээде көзү да жакшы көрбөй калат. Эң башкысы, ал коркок! Бизге сенин жеңишиң керек, Артур", - деп жазды Екатерина Бивол.

Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиевдин беттеши 12-октябрга белгиленген. Беттеш Эр-Риядда (Сауд Арабиясы) бокс кечесинин алкагында өтөт. Бул күрөштө жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону наамы берилет. Алгач беттеш 1-июнга пландалган, бирок Бетербиевдин жаракат алганына байланыштуу кийинкиге жылдырылган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: