Гаитинин лидери БУУнун трибунасында ыңгайсыз абалга туш болду (видео)
Гаити өлкөсүнүн президенттик кеңешинин төрагасы Эдгар Лебланк Фил БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып, ыңгайсыз абалга туш болду.
Ал башкы трибунада сөз сүйлөп жатып, суу ичүүгө аракет кылган. Ал алгач трибунадан стакан издеп, аны таппагандан кийин сууну графин менен ичүүнү туура көргөн. Ал ичип жатканда суу төгүлүп, ыңгайсыз абалга кептелди. Бирок Гаити лидери сыр бербей, сөзүн улаган.
Ал өз сөзүндө өлкөсү көптөгөн көйгөйлөргө туш болуп жатканын айтты.
Өзүнүн тарыхында мамлекет Испания жана Франция тарабынан башкарылган, ошондой эле кыска мөөнөткө Америка Кошмо Штаттары тарабынан оккупацияланган. Гаити 19-кылымда көз карандысыздыкка ээ болгон.
Гаитинин лидери БУУнун трибунасында ыңгайсыз абалга туш болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.