super.kg logo

Ташкенттеги окуучунун сабалышы: Өзбекстандын вице-спикери Орусияны өз иши менен алектенүүгө чакырды

 

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Ташкенттеги мектепте орус тилдүү окуучунун сабалышы боюнча окуядан кийин Өзбекстандын элчисине билдирүү жасаган. Ага Өзбекстандын вице-спикери жооп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Буга чейин Орусиянын дипломатиялык департаментинин расмий өкүлү Мария Захарова окуяга баа берүү өтүнүчү менен өзбек бийлигине кайрылган. Өзбекстан парламентинин вице-спикери Алишер Кадыров аны өз ички иштери менен алектенүүгө чакырган.

"Өзбекстандын мектебинде баланын укугу бузулушу боюнча мыйзамдын негизинде чара көрүлүүдө. Алар өздөрүнүн ички иштери менен алек болуп, биздин ички маселелерибизге аралашпаса туура болмок", - деп айтылат Кадыровдун Телеграм баракчасындагы билдирүүсүндө.

Эске салсак, интернетте буга чейин Ташкенттеги мектептердин биринде 6-класстын окуучусу орус тил мугалиминен сабакты орус тилинде түшүндүрүп берүүнү суранганда, мугалим окуучуну сабап салган видео тараган. Буга байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Өзбек бийлигинен түшүндүрмө сураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: